Меню
Эл-Сөздүк

Аба-жүк коштом кагазы

АБА-ЖҮК КОШТОМ КАГАЗЫ – аба-жүк ташып жеткирүү келишими. Ал жүк жөнөтүүчү тарабынан жүк жөнөтүлгөн аэробекетте түзүлөт да жүк тартуучуга жүк менен кошо тапшырылат. А. ж. к. к. адатта 3 түпнускада жана 6 көчүрмө нускада түзүлөт. Түпнусканын биринчи нускасы жүк ташуучуга, экинчиси жүк алуучуга, үчүнчүсү жүк жөнөтүүчүгө тапшырылат. Коштом кагаздын көчүрмөлөрү жүк ташуучуда, жүк жөнөтүүчүдө, жүк алуучуда, жүк жөнөткөн жана ташып жеткирилген аэробекеттерде, бажыканада калат. Адаттагы иш-милдетинен сырткары, жүк ташуу келишими, товар тескөө документтери, жүк ташуучунун жүктү кабыл алгандыгы тууралуу тилкаты бажы жарнагы катары дагы бир милдетти аткарат.

Аба-жүк коштом кагазы

Накладная авиагрузов

Примеры переводов: Аба-жүк коштом кагазы

Кыргызский Русский
Флипчарт кагазы Планшет с бумагой
Сунуштарды берүүгө чакыруу кагазы Запрос предложений
Кош этаптуу бириичи этаптагы тооруктардын жол-жоболоруна катышууга чакыруу кагазы төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш Приглашение к участию в процедурах двухэтапных торгов должно содержать в на первом этапе следующая информация
Чектелген катышуу менен тоорук өткөргөндө адистештирүүнү камтыган тендердик документтер чакыруу кагазы менен бир мезгилде жөнөтүлөт. В тендерах с ограниченным участием тендерные документы, содержащие технические направляется вместе с приглашением.

Примеры переводов: Аба-жүк коштом кагазы

Кыргызский Английский
Флипчарт кагазы Flipchart paper
Сунуштарды берүүгө чакыруу кагазы Request for proposals
Кош этаптуу бириичи этаптагы тооруктардын жол-жоболоруна катышууга чакыруу кагазы төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш The invitation to participate in a two-stage tendering shall contain in the first stage the following information
Чектелген катышуу менен тоорук өткөргөндө адистештирүүнү камтыган тендердик документтер чакыруу кагазы менен бир мезгилде жөнөтүлөт. In tenders with limited participation the tender documents containing the specifications shall be sent together with the invitation.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: